Карыева А. К. Кыргыз маданиятынын өнүгүш тарыхында



Скачать 113.04 Kb.
страница1/2
Дата22.05.2020
Размер113.04 Kb.
Название файлаКарыева А.docx
  1   2

Карыева А.К. 

Кыргыз маданиятынын өнүгүш тарыхында 

жазгыч-акындардын орду (XIX к. – XX к. башы) 
Тарыхый өнүгүү жолунда эки миң жылдан ашуун мезгил эркиндиги, көз карандысыздыгы, биримдиги менен ынтымагы үчүн дайым күрөшүп келген кыргыз эли элдик акыл дөөлөттөрдү туу тута аздектеп, этият сактап, жогору баалап, муундан муунга өткөрүп келишкен. Кыргыз элинин татаал жолду баскан тарыхы, рухий дүйнөсү, көз карашы, тиричилиги, салт-санаасы өз доорунун акылы зирек, ойчул, билимдүү адамдары тарабынан санжыраларда, тарыхый, маданий мурастарда чагылдырылган.

Кыргызстан өз алдынча эркин мамлекет болгондон бери элибиздин тарыхын, маданиятын, тилин жана адабиятын ар тараптан изилдөө иштери маанилүү маселеге айланды. Совет мезгилинде тарых илими бир кыйла өнүккөн менен айрым маселелер партиялаштырылган идеологиянын негизинде бир беткей каралып келгендигин эч ким тана албайт. Айрыкча, Кыргызстандын ХIХ кылымда жана ХХ кылымдын башына таандык тарыхы негизинен орус тилиндеги расмий документтик булактарга басым жасалып, ал эми жергиликтүү элдин өкүлдөрү тарабынан жазылган сейрек кездешүүчү маалыматтар изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында калып келген.

Мына ошондой эстеликтердин катарына ХIХ кылымда жана ХХ кылымдын башында жашап, өз көздөрү менен көргөн окуяларды кагаз беттерине ыр түрүндө жазып калтырышкан кыргыз жазма адабиятынын негиз салуучулары – жазгыч-акындарды кошсок болот. Бүгүнкү күндө канча жазгыч-акын болгонун так айтыш кыйын. Саналуу жазгыч-акындардын: Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Нурмолдо, Осмонаалы Сыдык уулу,

Карыева А.К. – Кыргыз мамлекеттик архитектура курулуш университетинин улук окутуучусу.




Белек Солтоноев, Алдаш Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеевдердин гана адабий мурастары бизге жеткен.

Деги эле элдердин маданиятынын өнүгүшүн, өсүшүн агартуу процессисиз кароо мүмкүн эмес. Агартуу иши коомдук өнүгүүнүн ар кандай баскычтарында белгилүү тарыхый-социалдык шарттарга жараша актуалдуу болгон. Кыргыз коомунун өткөн тарыхый маданий өнүгүшүндө агартуу иштеринде негизинен сабаттуулукту, билимдүүлүктү, маалымдуулукту, тарбия берүүдөгү элдик салттуулуктун нормаларын сактоону жогорку орунга коюп келишкен. XIX жана ХХ кылымдын башындагы агартуучулук кесипти аркалашкан адамдардын катары жазгыч-акындар менен толукталып турат.

Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Нурмолдо, Тоголок Молдо, Алдаш Молдо сыяктуу жазгыч-акындар агартуучулук ишмердүүлүктү эл арасында кеңири жүргүзүшкөн. Алардын ырлары элдин аң сезимин ойготуп, дүйнө таанымын кеңейткен. Колониалдык мезгилде жазгыч-акындардын чыгармаларын мектептерде, медреселерде окуу куралы катары да пайдаланышкан.

Жазгыч-акындар ырларын элге жатка айтып, агартуучулук иштерин жүргүзүшкөн. Алсак, аталган доордун улуу акыны Молдо Нияздын туулган жериндеги балдарга ырларын окуп, сабатын ачкан жай ушул күндө «Молдо Нияздын үңкүрү» деп аталат. Ал Чыгыш акындарынын чыгармаларын да жайылткан: «Молдо Нияз ушул чөлкөмдө, балким бүтүндөй кыргыз жергесинде биринчи жолу өзүнчө мектеп-медресе ачып, жаш балдарды арап тамгасы менен кыргызча окуткан, алгачкы агартуучу-мугалим Кызыл-Булактагы Базарбай, Назарбай деген аксакалдар жаш кезинде Молдо Нияздан тарбия-таалим алышкандыгын, анын окуткан дарстары кызыктуу экендигин, ар кандай Чыгыш акындарынын, өзүнүн ырларын окуп бергендиги жөнүндөгү маалыматтар элдин ичинде аңыз кеп болуп айтылып жүрөт.»1

Молдо Кылыч карапайым элди агартуунун зарылдыгын терең түшүнүп, өзү мурун билим алган Өтөмбайдын мектебинде мугалим болуп, балдарды окуткан. Молдо Кылычтын агартуучулук усулдугу жөнүндө Тазабек Саманчин мындайча жазат: «Ал балдарды окутууда эски диний схолостикалык методиканы таштап, жаңы – «Усили - жадид» методикасын колдонот. Окуу программасына эсеп, жазуу, эмгек сабактарын киргизет. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу Кылыч балдарды өз эне тилинде окута баштайт. Балдарга өз чыгармаларын окутуп, жаттатып, алардын адабий-көркөмдүк түшүнүгүн арбытат. Мунун натыйжасында, окуучуларынын кайсы бирөөлөрү анын чыгармаларын көчүрүп жазып, элге окуп берип, аларды эл арасына таратуу жагынан бир кыйла эмгек кылышкан.»2 Акындын окуучулары алыстан ат арытып келип, Кылычтын чыгармаларынын көчүрмөлөрүн алып кетишип, аларды балдар үчүн окуу куралы катары колдонушкан. Революцияга чейин «Чүйдөн Сокулук аймагында ачылган «жадид» мектебинде сабак берген Айдаркан Жолин деген молдонун куржунунда Молдо Кылычтын чыгармаларынын көчүрмөлөрү көп болорун, Айдаркан дамбылданын аларды балдарга жаттатып, көчүрүп жаздыртып окуткандыгын, ошол окуучулар улуу акындын ыр, поэмаларынан үзүндүлөрдү жатка айткандыгын совет заманында Бөрүбай Кененсарин эскерген.». 3

Октябрь революциясынан мурда мектепти кыргыздар медресе деп да атай беришкен. А медресе деген чындыгында баштагыч мектепке караганда, жогорку деңгээлде билим берген мекеме болгон. Молдо Кылыч бала кезинде ушул Өтөмбайдын мектебинен окуп билим алган. Ал сабаттуу болуп, үйлөнүп-жайлангандан кийин Чүй тарапка көчүп келет да, бул чөлкөмдө бир топ жыл жашап, татар, өзбек, түрк-чагатай, казак тилдериндеги китептерди, Казандан чыккан «Юлдуз», Крымдан чыккан «Таржиман», Ташкенттен чыккан «Айкап» журналдарынын номерлерин алып, көп окуп, өз алдынча билимин терендетет. Молдо Кылыч Чүйдө жүргөндө Токмок, Пишпектеги татар мектептерине айрыкча кызыгып, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, татар мугалимдери менен достошуп, «Усули-жадид» окуусу менен жакындан таанышат. Ал табигый билимдер менен да өз алдынча алек болуп, изденүүдө болот... Мекенине келгенден кийин Молдо Кылыч өзү окуп, сабатын ачкан Өтөмбайдын медресесине келип балдарды окута баштаган.»4 Кылыч кыргыз тарыхында алгачкылардан болуп өз эне тилинде окуткан мугалимдердин бири болгон. Молдо Кылычтын мектепте балдарды окутуп мугалимдик кесипти аркалаганын акындын өзү жазып калтырган чыгармаларынан байкайбыз:

Молдо Ырсалы, Садыктар,

Нур чырайлуу жарыктар,

Устат тилим сиздерге,

Айланайын карыптар

Кадыр билген баарысы,

Касиеттуу шакирттер.5

Белгилүү жазгыч-акын Алдаш Молдо менен окуган белгилүү манас жыйноочу Ыбырай Абдрахмановдун эскерүүлөрүнө жана Алдаштын өз балдарынын, шакирттеринин күбөлөгөнүнө караганда ал киши 1905-1906-жылдарда Жети-Өгүздүн Сары Жон жайлоосунда элдин көмөгү менен курулган боз үйдө бала окутуу үчүн мектеп ачкан.6 Акын балдарды окутууда жөн эле кат-сабатын ачуу менен алектенбестен, окуучуларга ар кыл билимдерди үйрөтүүгө аракет кылган. Акындын уулу, академик Абдулхай Алдашев: «Алдаш Молдо өзүнүн устаты Шакир дамбылданын жолун жолдоп, мектебинде жалан гана диний дарстарды окутпастан, Фан дастандарынан да сабак берген, маселен, эсепти төрт амалга чейин, географиянын үч бөлүгүн: жуграфия табигы (физикалык география), жуграфия ирьзи (экономогеография), жуграфия саяси (саясий география) деп өзү сабак берип турган»,7 - деп эскерет.

Ал тургай Алдаш Молдо кыргыз агартуусунун тарыхында биринчилерден болуп кол жазма түрүндө кыргызча «Алиппени» түзгөн. Кол жазма «Алиппенин» кабарын угушкан мугалимдер кол китепти көчүрүп кетишип, пайдаланышкан. Бул кыргыз тарыхындагы эне тилиндеги алгачкы окуу куралы болгон.8

Нурмолдо 1840-50 – жылдары Намангандагы Молдо Кыргыз медресесинде окуп, кийин ушул эле окуу жайында мугалим-мударис болуп, балдардын сабатын ачып, агартуучулук кесипти аркалаган. Учурунда Нурмолдодон кыргыздын атактуу акыны Женижок Өтө уулу да окуган. Анын:

Билим берип жети кыл

Окуттунуз эки жыл.

«Алиппени» үйрөтүп…

Арапчаны сүйлөтүп…

Кат жаздырып көрдүңүз

Кош-кош тамга чыздырып…

Билесиз бала мүнөзүн

Билгизер бекен үн өзүн,9 - деген ыр саптарындагы акындын шакирттерине берген жети кыл билими: 1) ататек (тарыйхат); 2) исламият; 3) билегенийа; 4) эсеп-кысап (алхораний-алгебра); 5) жуграпия; 6) каинат (асманийа); 7) айнааме (агрономия, малчылык) болгон. Устатынын билимине, эмгегине терең маани берген Женижок: «Илимий жолго жетелеп, Тайтайлаткан Нурмолдо» деп жогору баалаган. Нурмолдонун эң негизги педагогикалык, мударистик өзгөчөлүгү жана агартууга алып келген үлкөн жаңылыгы – ал балдарды кыргызча окуткан. Анын мектебинде кыргыздын сөздөрү, ырлары, кошоктору жаңырган, баарынан да Манас айтылган. Нурмолдодон кыргыздын белгилүү бай-манаптары балдарын окутушкан. Кыргыздын колунда бар адамдары балдарынын кат-сабаттарын жоюш үчүн атайын алыс жактардан билимдүүмүн деген молдолорду алып келишип окутушкан. Нурмолдо кезегинде бүткүл Түркстан аймагына атагы чыккан, акындыгы менен да, ар тараптуу билими бар аалымдыгы, мударистиги менен да кеңири белгилүү болгон. Алатоонун түндүгү менен түштүгүн кыдырган, чыгыш өлкөлөрүнүн далайын сыдырган, өнөр-билими күчтүү, өзгөчө инсан болгону жөнүндө маалыматтар кездешет.10

Жазгыч-акындар кыргыз коомчулугунун маданий өнүгүүсүндө илим-билимдин объективдүү маанисин, коомдун өнүгүүсүндө тарыхый зарылчылык экендиктерин баса белгилешкен. Алар илим адамдын ан-сезимин өстүрүүчү, адеп-акылакты калыптоочу күчкө ээ экенин баамдашкан. Жазгыч-акындардын молдо аталышынын өзү эле көп нерседен кабар берет. Орус окумуштуусу Э.Тенишев: «Мурдагы учурда молдолор жалаң гана динге кызмат өтөгөн адамдар эмес, маданияттын жана эл агартуунун ишмерлери болушкан, балдарды кат-сабатка үйрөтүшкөн. Алар билимдүү адамдар катары Чыгыштын көптөгөн классикалык тилдерин билишкен, адабий тилдин калыптанышына жана өнүгүшүнө көмөктөш болушкан»,11 - деп белгилегендей.

Жазгыч-акындар калыптанган элдик оозеки адабияттан айырмаланып, жазма адабиятка негиз салышып, кыргыз элинин аталган доордогу маданий тарыхынын түптөлүшүнө зор салым кошушкан. Кыргыз маданиятынын тарыхында Молдо Кылычтын «Кысса и зилзаласы» алгач басмаканадан китеп болуп 1911-жылы Казанда жарык көргөн. Китептин чыгышын өзү эле кыргыз маданиятынын тарыхынын өнүгүшүндө чоң саамалык болгон. Анын китеби Кыргызстанда гана эмес коңшу, ал тургай Кашкар, Стамбул сыяктуу шаарларда да белгилүү болгон Нурмолдо жазгандай:

Мангулуктун эзели,

Молдо Кылыч казалы,

Китеби чыгып Казандан

Калктын түшүп назары.

Түркияда кеп болуп

Кызып турду базары - деп.12 Өзүнүн казалдарын кыргыздар эле эмес, башка улуттун элдери да окуурун билген акын:

Эл айткандар чын экен

Көрбөгөндөр сыртымдан

Айтып жүрө бериптир.

Элден бата көп алып

Эрмек болуп жүргөнүм

Кыргыз тургай дунган да

Кубанганын көргөнмүн...

Болот калем эрмегим

Кашкарлыктар каңкылдап

Кубанганын көргөнмүн,13 – деп баяндаган.

XIX кылымдын жана ХХ кылымдын башында Кыргызстандын аймагында патриархалдык – уруулук мамилелер сакталып, кыргыз эли феодалдык коомдук түзүлүштө жашашкан. Алгач Кокон хандыгынын, кийин падышачылык Россиянын бийлиги үстөмдүк кылган колониалдык доордо кыргыз коомунун өнүгүшүндө оң жана терс мүнөздөгү өзгөрүүлөр жүргөн. Бул мезгилдеги жергиликтүү калктын жашоо-турмушу, саясий, социалдык - экономикалык жана маданий абалы туурасындагы маалыматтар жазгыч-акындардын чыгармаларында кеңири чагылдырылган.

Кокон хандыгынын бийлигинин учурундагы жергиликтүү элдин абалын мүнөзөдөган маалыматтар жазгыч-акындардын чыгармаларында көп кездешип, Кокон хандыгынын эзүүсү менен салган салыктардын түрлөрү жергиликтүү элдин жашоо-турмушун оор абалга алып келгендигин, ошондой эле ордодогу мамлекеттик иштерге аралашуу менен кадыр-баркка ээ болушкан кыргыз элинин уулу инсандары: Алымбек датка, Алымкул аталык, Ормон хан, Маймыл, Осмон датка ж.б. тууралуу таасын чагылдырышкандыгы тарыхый эмгектердеги маалыматтарды толуктап, дагы бир жолу ырастап турат.

Кокон хандыгы басып алгандан баштап, жергиликтүү элге салыктардын ыксыз көп түрү салынган. Мындай эпсиз талап-тоноолор элдин нааразычылыгын жаратып, кыргыздар хандын бийлигине жана салык саясатына каршы тынымсыз кыймылдарды уюштурушкандыгы жазгыч-акындардын чыгармаларында объективдүү чагылдырылган.

XIX кылымдын ортосунан баштап падышачылык Россиянын узакка созулган, оор жана карама-каршылыктуу Кыргызстанды каратуу процесси башталган.

Совет мезгилинде түндүк Кыргызстандын Россияга каратылышы «өз ыктыяры» жана «тынчтык жолу» менен өткөн деген көз караш таңууланган. Эгемендүүлүктү алгандан кийинки илимий изилдөөлөрдө түндүк кыргыздарды Россия келишим жана куралдуу күч менен басып алуу аркылуу ишке ашырган деген туура жыйынтык чыгарылган. Бул пикир – Россиянын Кыргызстанда падышачылык бийликти орнотууга жасаган кадамдары, орус армиясынын басып кириши жана падышачылык өкмөттүн колониалдык режиминин орношу жазгыч-акындардын чыгармаларында өз мезгилинде эле жандуу чагылдырылып, падышачылыктын түндүк Кыргызстанды каратышы басып алуучулук катары мүнөздөлгөн. Алардын ырларындагы элестүү сүрөттөөлөр боюнча Кыргызстан падышачылыктын колониалдык саясатынын объектиси болгон. Акындар падыша өкмөтү салган оор салыктар элди жакырлантууга алып келгендигин көрсөтүү менен бирге, жергиликтүү төбөлдөрдүн ачкөздүгүн ашкерелешкен.

Жазгыч-акындар колониалдык мезгилдеги терс жактарды гана эмес, прогрессивдүү өзгөрүштөрдү да кеңири көрсөтүшкөн. Алар кыргыз коомундагы өнүгүүнүн оң жактарын чыгармаларында жогору баалашкан. Кыргызстандын Россиянын курамына киришинен кийин башталган экономикалык өзгөрүүлөрдү, кичине, чоң ишканалардын ачылышын, жаңы шаарлардын пайда болушун, соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүн ошондой эле көчмөн калктын отурукташуу процессинин башталышын жана маданий-агартуу мекемелеринин – мектеп, дарылоочу жай, китепкана, байланыш бөлүмдөрү ж.б. ачылышы сыяктуу жаңылыктарды ырлары аркылуу элдин кеңири катмарына жеткиришкен.

Жыйынтыктап айтканда, XIX кылым жана ХХ кылымдын башындагы жазгыч-акындар кыргыз жазма адабиятына негиз салышып, кыргыз элинин аталган доордогу маданиятынын өнүгүшүнө, кыргыз элинин коомдук аң – сезиминин жогорулашына зор салым кошушкан. Алар, биринчиден, бай элдик оозеки адабиятка таянышып жазма адабиятты негиздешкен; экинчиден, агартуучулук кесипти аркалашкан; үчүнчүдөн, коомдук өнүгүү процессиндеги тарыхый окуяларды кеңири; төртүнчүдөн, ырларында илим, билимди даңазалашкан жана элди окууга үндөшкөн; бешинчиден, кыргыз тарыхында алгачкылардан болуп агартуучулук иштерин жүргүзүшүп, балдарды окутушкан.



Жазгыч-акындардын адабий мурастарын ХIХ кылым жана ХХ кылымдын башындагы кыргыз элинин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушун кеңири чагылдырган көркөм жазуу эстелиги катары гана эмес, тарыхый булак катары пайдаланууга болот. Бул чыгармалар тарыхый окуяларды реалдуу чагылдырууда, элдин коомдук көз карашын, тарыхый инсандардын ролун көрсөтүүдө чоң роль ойнойт. Башкача айтканда, элибиздин аталган доордогу тарыхын изилдөөдө жазгыч-акындардын баа жеткис эмгектерин тарыхый булак катары пайдаланып, башка илимий эмгектер менен бирдикте анализдөө тарыхыбызды объективдүү изилдөөгө, анын «актай барактарын» тактоого өбөлгө болоору талашсыз. 



Поделитесь с Вашими друзьями:
  1   2


База данных защищена авторским правом ©coolnew.ru 2019
обратиться к администрации

    Главная страница
Контрольная работа
Курсовая работа
Теоретические основы
Лабораторная работа
Методические указания
Общая характеристика
Рабочая программа
Теоретические аспекты
Методические рекомендации
Пояснительная записка
Дипломная работа
Практическая работа
Федеральное государственное
История развития
Общие сведения
Основная часть
Направление подготовки
государственное бюджетное
Учебное пособие
Теоретическая часть
Самостоятельная работа
Физическая культура
Краткая характеристика
Методическая разработка
История возникновения
квалификационная работа
Выпускная квалификационная
Практическое задание
бюджетное учреждение
Название дисциплины
Гражданское право
государственное образовательное
Российская академия
Общие положения
образовательное бюджетное
прохождении учебной
история возникновения
Современное состояние
образовательная организация
Понятие сущность
теоретические основы
Общая часть
Уголовное право
Техническое задание
Финансовое планирование
Правовое регулирование
Методическое пособие
Финансовое право
Фамилия студента
История болезни
Конституционное право